Министрлик: мектеп директорлорунун иштөө мөөнөтү кыскарышы мүмкүн

Азыркы жобо боюнча мектеп директорлору беш жылга дайындалат. Бирок Каныбек Иманалиевдин баамында, жетекчи өзүн эки жыл ичинде көрсөтүшү керек.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги мектеп директорлорунун иштөө мөөнөтүн кыскартышы мүмкүн экенин ведомство жетекчиси Каныбек Иманалиев билдирди.
"Мектеп директорлору — улуттун лидерлери, интеллигенциянын үлгүсү. Көбү беш жылга дайындалат. Бул жакшы, бирок өзүн эки жылда көрсөтө албаган жетекчи кызматтан кетиши керек. Быйыл окуучулары жогорку балл ала албаган бир нече мектеп директорлорун кызматтан кетирдик", — деди Иманалиев.
Анын айтымында, мектеп жетекчиси күчтүү менеджер да болуп, грант, билдирмелерди жаза билиши керек. Иманалиев министрлик пара талап кылды деп кине коюлган мектеп директорлорунун "кара тизмесин" түзүүнү пландап жатканын кошумчалады. Бул маалымат ведомствонун сайтына илинет.
Бишкекте бир жуманын ичинде төртүнчү мектеп директору пара менен кармалды