Маммүлктөн 964 млн. сомдук мыйзам бузуулар аныкталды

Мекеме бир миллион сомдон ашыгыраак каражатты калыбына келтирген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Эсеп палатасы Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда 2022-жылга карата аудит жүргүзүп, 964 миллион 782,7 миң сомдук мыйзам бузуу аныкталганын кабарлады.
Маалыматта фонддо мыйзам жана укуктук ченемдик актылардын жоболору бузулган 75 учур аныкталганы айтылат. Ал эми келтирилген зыяндын 124 миллион 023,5 миң сому калыбына келтирилүүгө тийиш болгон сумма, аудит убагында 1 020,8 миң сом ордуна кайтарылган.
Эсеп палатасы мыйзам бузулган учурларды талдап берген:
Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджетинин долбоорун түзүүдө жана кароодо мыйзамдардын, укуктук ченемдик актылардын жоболорунун бузулушу — 9, аныкталган зыяндын көлөмү 610,5 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүгө тийиш;
Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин аткаруудагы кетирилген кемчиликтер — 27, сумма 920 024,2 миң сом, анын 110 962,3 миң сому калыбына келтирилүүгө тийиш, 504,2 миң сом кайтарылды;
Мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер — 11, зыян — 18 382,5 миң сом, анын 10 567,2 миң сому калыбына келтирилүүгө тийиш, 389,1 миң сом ордуна коюлду;
Эсепке алуу жана отчёттуулуктун тартибин бузган 5 учур. Сумма 10 674,6 миң сом, анын 1 883,5 миң сому калыбына келтирилүүгө тийиш, 127,5 миң сом кайтарылды;
Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзам бузуулардын саны — 5, Зыяндын көлөмү 15 090,9 миң сом;
Ченемдик укуктук актылардын жана эл аралык макулдашуулардын ченемдеринин коллизиялары жана жол-жоболук бузуулардын саны — 8, мында жол-жоболук бузуулар гана классификациялангандыктан акча түрүндө көрсөтүүгө мүмкүн эмес.
"Кыргыз жылуулук энерго" ишканасы 29 млн. сомду мыйзамсыз пайдаланганы аныкталды