Кыргызстанда кызамык менен ооругандардын саны азая баштады

Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Кыргызстанда кызамык менен ооругандардын саны азая баштаганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Өткөн жумада оорунун 34 учуру катталган, дарыгерлерге 34 бала, 5 чоң киши кайрылганы айтылды. Бул андан мурунку аптага караганда 46 учурга аз.
Жалпы республика боюнча жыл башынан бери кызамыктын 1 982 учуру катталган, анын 147си чоң киши, 1 835и балдар (төрт жашка чейин бейтаптар кабылган 1 554 учур).
Ооругандардын көбү Ош облусунда (635), Бишкекте (485) жана Ош шаарында (296). Эң азы Нарында (7) катталды.
Буга чейин министрлик жыл башынан бери кызамыктан эки бала чарчап калганын, экөө тең эмдөөдөн өтпөгөнүн кабарлаган.
Кызамык — инфекциялык жугуштуу оору. Атайын дарылоо ыкмасы жок, эмдөө менен алдын алууга болот.
Радио
Эмне үчүн айрымдардын эмделгиси келбейт? Адистин түшүндүрмөсү