Кыргызстан жумуртка өндүрүүнүн өсүшү боюнча ЕАЭБде лидер болду

Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Кыргызстан Евразия экономикалык бирикмесинде жумуртка өндүрүүнүн өсүшү боюнча лидер болду. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиянын сайтында айтылат.
Январь-июль айларында республикада 416,6 миллион даана жумуртка өндүрүлгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14,9 пайызга көп.
Бул убакыт аралыгында биримдиктин аймагында жумуртка өндүрүү 1,6 пайызга өскөн (33 миллиарддан ашык жумуртка).
Жалпысынан ЕАЭБде айыл чарба өндүрүшү 1,8 пайызга жогорулады.
Борбор Азия ЕАЭБ кеңейчү мейкиндикпи? Биримдиктин келечеги тууралуу ой толгоо