Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Конгрессчи АКШ Украинага аскер киргизиши мүмкүн экенин айтты

Конгрессчинин пикирине караганда, чатакты тынчтык жол менен чечүүгө убакыт келди.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. АКШнын өкүлдөр палатасынын мүчөсү Маржори Тейлор Грин (Жоржия штатынан шайлаган республикачыл айым) социалдык баракчасына Жозеф Байдендин администрациясы "наадандыгынан улам" Россияга каршы Украинага өзүнүн аскерин киргизиши толук мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Мени түйшөлткөн үчүнчү дүйнөлүк согуш болуп жатат. Согуш отун тутандыргандар бир топ эле наадан болгондуктан, Россия менен кармашуу үчүн америкалык аскерлерди Украинанын аймагына жөнөтөт", — деп жазган ал.
Конгрессчинин пикирине караганда, чатакты тынчтык жол менен чечүүгө убакыт келди.
"Менин керек болсо бир центти да Украинага чыгымдоого каршы добуш берип жатканым ушундан", — деген республикачыл айым.
Маржори Тейлор Грин азыркы президент Байдендин администрациясынын саясатын кескин сындап келгени менен белгилүү болгон эл өкүлү. Мындан мурдараак бир нече ирет америкалыктардын чөнтөгүнө зыян кылып Украинанын чыгымдарын жабууга эбегейсиз акчаны бөлүүгө каршы туруп, Киевге бөлүнчү финансылык колдоону кыскартууга чакырган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Киевге жардам жөнөтүүгө айрым конгрессмендер каршы чыкты