Радио

Мамкатчы: "эл эмне дейт" кыргыз наркында Кылмыш-жаза кодексин алмаштырган

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов кыргызда "эл эмне дейт" түшүнүгү кандай учурда айтылганына токтолду.
Sputnik
Кыргызда наркка жатпаган терс көрүнүштөрдү аксакалдар "эл эмне дейт" деген сөз менен гана жерип, тескеп турушкан. "Эл эмне дейт" деген үч сөз кыргыз үчүн бүтүндөй Кылмыш-жаза кодексин алмаштырган. Мындай пикири менен Сүйүнбек Касмамбетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып бөлүштү.
Анын айтымында, көчмөн кыргыз жашоосунда элден чыгып калуудан өткөн катаал жаза болгон эмес.
"Кыргыздын миңдеген жылдар жоголбой жашап келгенинин негизги себеби ал өзүнүн иденттүүлүгүн сактап кала алган. Нарк-насилин, салтын темирдей бекем кармаган. Ата-бабаларыбызда "эл эмне дейт" деген сөз Кылмыш жана жаза кодексиндей эле салмакта болгон. Мисалы, айылдан чыккан бир тентекти тыйганда ушул сөздү колдонушкан. Болбосо көчмөн наркына, анын калыстыгына, кең пейилдүүлүгүнө, айкөлдүгүнө шек келтирген иш-аракеттерде "эл эмне дейт", "элден чыгып каласың" деген сөздөр менен коомдук тартипке чакырышкан. Тактап айтканда, бул сөз куру намыс эмес, адамдык абийир, улуттук намысты сактоо үчүн айтылган. Этикага туура келбеген, көчмөн маданиятына жат көрүнүштөрдү сындоодо колдонулган. Тилекке каршы, эгемендүүлүк алган 30 жылдан берки идеологиялык боштукта биз бул түшүнүктүн түпкү маанисин жоготуп алдык. Азыр атаандаштык, куру намыс үчүн колдонуп калдык. "Кокуй, бир кийген көйнөгүмдү кайра кийип барсам эл эмне дейт" деген түшүнүккө кептелдик", — деди Касмамбетов.
Ал кыргыз иденттүүлүгүн жандандырып, кыргыз наркын туура жагынан кабыл алып жайылтуу азыркы муундун милдети болуп турганын кошумчалады.