Кремль Армения менен АКШнын боло турчу окуу-машыгуусу боюнча үн катты

Армения жана НАТО өлкөлөрүнүн ортосунда 2005-жылдын декабрынан бери индивидуалдуу өнөктөштүк планы иштеп келет.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Армениянын АКШ менен биргеликте окуу-машыгуу өткөрүү планы Кремлди тынчсыздандырууда. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
"Бул өзгөчө азыркы учурда тынчсыздандыруучу кабар. Андыктан кырдаалдын өнүгүшүнө тыкыр көз салып турабыз", — деди ал.
Армяндык тынчтык орнотуучулар 11-20-сентябрь аралыгы америкалык аскер бөлүктөрү менен биргеликте Eagle Partner-2023 окуу-машыгуусун өткөрөрүн республиканын Коргоо министрлиги бүгүн билдирди. Маневрлардын башкы максаты — биргелешип аракет көрүүнүн деңгээлин жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу.
Армян-америкалык машыгуулар Москва менен Еревандын мамилеси суук селки тартканда болгону жатат. Өткөн жумада Армениянын премьер-министри Никол Пашинян италиялык Repubblica гезитине Россия Түштүк Кавказдан өзү алыстай баштаганын билдирген. Ереванда Тоолуу Карабахтагы россиялык тынчтык орнотуучулардын миссиясына кескин сын айтыла баштады.
Кырдаал тууралуу айтып жатып Песков Москва аймактагы абалды жөнгө салууда маанилүү роль ойной турганын, ишин мындан ары да токтотпой турганын белгиледи.
Эскерте кетсек, Армения жана НАТО өлкөлөрүнүн ортосунда 2005-жылдын декабрынан бери индивидуалдуу өнөктөштүк планы иштеп келет. Анда регионалдык коопсуздук боюнча консультациялар, Армениянын коопсуздук стратегиясын жана аскер доктринасын иштеп чыгуу каралган.
Пайданы демократиядан өйдө көрүп... Европа Россия менен сооданы кеңейтүүдө