БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди

Баш катчынын айтымында, адамзат табигый кубулуштардын кесепетин жоюуга жетишпей жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Ушул жай айлары метеорологиялык байкоо жүргүзүлө баштагандан бери эң эле аптаптуусу болду. Аба температурасынын мындай жогорулашы климаттын өзгөрүүсү менен күрөштү активдештирүүнү талап кылат. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш айтканын РИА Новости жазды.
"Планетабыз кайнаган мезгилди башынан кечирди, бул байкоо жүргүзүлө баштагандан берки эң ысык жай болду. Климаттык кризис башталды", — деди Гутерриш.
Анын айтымында, климат адамзатты табигый кубулуштардын кесепетин жоюуга жетиштирбей бузулууда.
"Аба температурасынын кескин жогорулашы ыкчам чара көрүүгө аргасыз кылат. Лидерлер климаттын өзгөрүүсү менен күрөшүү жаатындагы аракеттерин активдештириши керек. Өтө жаман кесепеттерди алдын ала алабыз", — деген башкы катчы.
Адис: Кыргызстандагы климат эки сценарий менен өзгөрүшү мүмкүн