БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Улуу Ата Мекендик согуш боюнча долбоор даярдоону сунуштады. Өлкө лидери бул үчүн согуш башталгандан бүткөнгө чейинки артефактыларды чогултууну айтканын Кремлдин сайты жазды.
Уюштуруу комитеттин "Жеңиш” отурумунда ал бир нече жыл мурун Москвада "Россия мамлекеттүүлүгүнүн жүз раритети" аталышындагы көргөзмө өтүп, анда тарыхый уникалдуу документтер көрсөтүлгөнүн эске салды.
"Улуу Ата Мекендик согуш темасы боюнча долбоор даярдоону сунуштайм. Чек арадагы алгачкы кармаштан тартып Берлинге жеңиштин кызыл туусу илингенге чейинки негизги окуялар боюнча артефактыларды топтоо керек. Резонанстуу буйруктар, ленинградчылардын блокадалык күндөлүктөрү, Германия менен Япониянын капитуляция боюнча актылары. Тереңирээк түшүнүк болушу үчүн ошондогу документтерди да кошсо болот.
Тарыхты унуткандарга туткунга түшкөн советтик аскерлерге жана карапайым элге улутчул башкаруучулардын каардуу мамилесин, Гитлердин шериктеринин, түрдүү коллаборационисттеринин кылмыштарынын документтерин көрсөтүп эстетип турабыз", — деген Путин.
Ошондой эле Россия лидери улутчулдардын кылмыштарын изилдөө "Өткөндөрдү иликтөөгө мөөнөт жок" долбоорунун алкагында жүрөрүн кошумчалады.
"Мындан тышкары, көптөгөн документтерден купуялуулук алынат. Алар эл үчүн жеткиликтүү болушу керек. Архивдик материалдарды ачык көрсөтүү бүгүнкү күндө өткөн нерселер менен күрөшүп жаткандарга татыктуу жооп болот", — деп белгиледи Путин.
Муну менен катар Россияда Тарыхый эстеликтердин улуттук борборун түзүүнү айтты.
"Бул сунуш биринчи жолу айтылып жаткан жок. Мен анын жыйынтыктарын уккум келет", — деди мамлекет башчы.
Анын айтымында, аталган борбор бир нече долбоорлорду — "Жеңиштин жүздөрү" долбоорунун маалыматтык базасын, "Элдин эрдиги" көргөзмөсүн, ачык асман алдындагы аскердик техникалардын экспозицияларын камтышы керек.