Депутат Тазабек Икрамов көк бөрүнүн эрежесин өзгөртүүнү сунуштап жатат

Эл өкүлү мындай өзгөрүү элдин аймак аралык бөлүнүүсүн алдын аларын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов көк бөрү оюнунун эрежесин өзгөртүүнү сунуштап жатат.
Депутат чуу менен аяктаган соңку оюндан кийин көк бөрүгө башка өң берүү заман талабы экенин жазды. Ал мындан ары облустук командаларды түп тамырынан жоюп, клубдук командаларды түзүүнү сунуштап жатат. Клубдук команданын мүчөлөрү ар бир региондон тандалмакчы.
Эл өкүлү мындай өзгөрүү элдин аймак аралык бөлүнүүсүн алдын аларын айткан. Ошондой эле курамына облустардан улакчыларды албаган командаларды оюнга катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу каралат.
"Колдоочулар, фанаттар аймак аралык эмес, клубдар аралык болуп, жалпы күйөрмандар аралашып, чыр-чатактын чыгышын алдын алат. Ар бир облустан улакчыларды курамына албаган командаларды оюнга катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу зарыл. Ошол эле учурда мындан ары көк бөрүнү эл арасына кеңири жайылтуу, жаш улакчыларды өстүрүү максатында айыл, район аралык оюндарга чек койбойлу. Менин бул сунушумду эске алып, тиешелүү жетекчилер жана министрлик бул жобону тез арада иштеп чыгат деп терең ишенем", — деди эл өкүлү.
Депутат кайрылуусун Маданият министрлигине, "Көк бөрү" Эл аралык ассоциациясынын президенти Курманкул Зулушевге, "Көк бөрү" федерациясынын президенти Талас Бегалиевге жолдогон.
Оштогу көк бөрү чатагы: сот 9 кишини камады