РКӨФ Оштогу кичи ГЭСтин курулушуна 4,2 млн. доллар бөлөт. Видео

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө дарыясына кичи гидроэлектростанциянын курулушуна 4,2 миллион доллар бөлүүнү пландап жатат.
Sputnik
Долбоор "Алай Гидро" ЖЧК тарабынан ишке ашат. 9 мегаваттык жаңы ГЭС Алай районунун электр энергияга болгон керектөөсүн 86 пайызга жаба алат. Станцияда заманбап жогорку технологиялуу жабдуу колдонулат.
"Соңку алты айда Кыргызстанда бир катар стратегиялык маанилүү мыйзамдар кабыл алынды. Документтер жакынкы аралыкта гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашырууну тездетет. Фонд четте карап турган жок. Гүлчөдөгү кичи ГЭСтин курулушу соңку эки жылдан бери РКӨФ колдоп жаткан ушул тармактагы сегизинчи долбоор", — деди фонддун жетекчиси.
Аталган долбоорлордун жалпы кубаттуулугу 153 мегаватты түзөт. ГЭС боюнча долбоорлордун жалпы баасы 183,6 миллион доллар, анын 72 миллионун фонд бөлүп берди. Ар бир долбоор энергетикалык дефицитти кыскартууга жардам берет.
"Бул ГЭС жакында электр энергиясын берет деп үмүт артабыз", — деди РФ президентинин Аймактар аралык жана чет элдик мамлекеттер менен маданий байланыш түзүү башкармалыгынын жетекчиси Игорь Маслов.
Новиков россиялык делегация Кыргызстандын түштүгүндөгү алыскы райондор менен шаарларды кыдырганын билдирди.