Оштогу көк бөрү чатагы: сот 9 кишини камады

Ызы-чуу чыккан учурда алты киши жана тартип сактоо органынын бир өкүлү жабыркаган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Президенттин көк бөрү боюнча Ошто болгон кубогунун финалдык оюндагы чатагында милицияга 65 киши жеткирилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга Ош облустук милициясынан билдирди.
Ош облустук сотунун чечими менен тогуз киши эки айга камакка алынган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен иш козголгон. 56 адамга Административдик кодекстин негизинде айып салынган.
Эске салсак, 31-августта Оштогу "Төлөйкөн" ат майданында өткөн президенттин көк бөрү боюнча кубогунун финалында Оштун "Достук" командасын Таластын "Ынтымак" командасы 2:1 эсебинде жеңип алган. Мындан кийин ал жерде отурган эл калыстын бүтүмүнө нааразы болуп оюн талаасына чуркап чыгып, бир катарлары Тез жардам автоунаасына таш жаадырган. Башка нерселер менен да чапканы айтылган. Анын кесепетинен алты киши жана тартип сактоо органынын бир өкүлү жабыркаган. Бул окуядан кийин УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев ызы-чууну чыгаргандар жазаланарын айткан. Алгач милициядан беш кишиге иш козголгонун билдирген.
Көк бөрү чуусу: 39 адам кармалып, 5 адамга кылмыш иши козголду