БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Нарын районундагы Эмгек-Талаа айылында 75 орундуу "Таберик — Эмгек Талаа" балдар бакчасы ишке берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, аталган бала бакчанын курулушу 2015-жылы башталып, 8 жылдан бери каражаттын жетишсиздигинен бүтпөй турган.
Президенттин көптөн бери токтоп турган социалдык объектилерди бүткөрүү тапшырмасынын негизинде курулуш иши улантылып, жаңы окуу жылына карата ачылды.
Курулуш ишин "М-Стард" компаниясы жүргүздү. Жалпы сметалык баасы 32 миллион сомду түзүп, республикалык бюджеттен каржыланды.
Бала бакчанын ачылыш аземине президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Нарын райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким Нуридин Мадимаров жана башка мекеме жетекчилери, айыл тургундары катышты.