Москва: эмгек миграциясындагы кыргызстандык аялдар үчүн борбор ачылды

"Умай эне" 17 орунга эсептелген, кыз-келиндерге, балдарга үч маал тамак-аш жана медициналык жардам көрсөтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Москва шаарында эмгек миграциясында жүргөн аялдар үчүн "Умай эне" кайрымдуулук борбору ачылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев борбордун ачылышына онлайн катышкан
Борбордун эмгек миграциясында жүрүп турмуштук оор кырдаалга кабылган кыз-келиндерге, алардын балдарына, майыптыгы бар адамдарга жардам көрсөтөрүн айтышты.
"Умай эне" 17 орунга эсептелген, аялдарга, балдарга үч маал тамак-аш жана медициналык жардам көрсөтөт.
"Жыл башынан бери өкүлчүлүккө беш миңден ашык мекендешибиз миграция жана эмгек мамилелери жаатында кеңеш сурап кайрылышкан. 2023-жылдын жети айында ата-энесинин камкордугусуз калган жана оор кырдаалга кабылган 41 жашы жете элек бала социалдык коргоого алынды", — деди борбордун ачылышына онлайн катышкан эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев.
Министр россиялык бизнесмен Георгий Гнатовскийге жана анын жубайы Атыркүл Гнатовскаяга аталган борборду түзгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Россияда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мигранттарына каралган артыкчылыктар. Видеотүшүндүрмө