Радио

Мендебаиров: "Ашуу" спектаклин Россиядан келген топ даярдады

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси Назым Мендебаиров китеп окулбай калган заманда театр агартуучулук функциясын күчөтүшү керектигин айтты.
Sputnik
Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата Россиянын театр искусствосу институту менен Улуттук драма театры биргелешип "Делбирим" чыгармасынын негизинде "Ашуу" спектаклин даярдады. Бул тууралуу Назым Мендебаиров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган спектаклди даярдаган адистердин баары Москвадан келген.
"Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жаңы сезонунда Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата "Делбирим" повестинин негизинде "Ашуу" спектакли коюлат. Бул чыгарма Россиянын театр искусствосу институту тарабынан даярдалды. Режиссёр, композитор, сүрөтчү жана хореограф Москвадан келди. Арасында аспирантурада окуп жаткан жаштар да бар. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары ар бир театрда коюлуп турушу керек. Китеп окулбай калган заманда театр агартуу функциясын күчөткөнү маанилүү. "Ашуу" тасмасы көрүүчүлөрдүн купулуна толот деген ишеничтемин", — деди Мендебаиров.
Ал "Ашуу" спектаклин коюу демилгеси Россиянын театр искусствосу институту тарабынан көтөрүлгөнүн кошумчалады.