"Манас" аэропортунун кызматкерлери алтын чыгарып кетүүгө көмөктөшкөн. Сүрөт

Аткезчилердин бири Индияга учар алдында кармалган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. УКМК "Манас" эл аралык аэропортунун кызматкерлери кармалганын кабарлады.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, шектүүлөр өлкөдөн алтын буюмдарды бир нече ирет чыгарышкан.
"Индияга учууга аракет кылган К.Н. аттуу кыргызстандыктын жанынан салмагы 3 килограмм 985 граммдык 6 алтын куйма табылган. Алтын буюмдун бир дагы расмий документи болгон эмес. Кылмыш иши козголуп, "Манас" эл аралык аэропортунун Авиациялык коопсуздук кызматынын эки өкүлү жана бул схемага тиешеси бар дагы эки жаран кармалды", — деди ведомстводон.
УКМК: ИИМ тергөөчүсү 5 миң долларга чейин пара алып жүргөн