БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөрүндө 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында орточо айлык акы өсүп, номиналдуу көлөмү 31 994 сомду түздү. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын былтыркыга салыштырып берген маалыматында айтылган.
© Фото / Департамент статистики ЕЭК
"Реалдуу айлыктын эң жогорку өсүү темпи Армения менен Кыргызстанда (114,7 пайыз жана 114,6 пайыз) катталды. Орточо номиналдуу жалыйна Кыргызстанда 31,9 миң сомдон тартып, Россияда 70,2 миң рублге чейинки көлөмдү түздү", — деп айтылган маалыматта.