Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы ири долбоорлорду каржылоого даяр

Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Дүйнөлүк банк Кыргызстандын энергетика, таза суу, ирригация жана айыл чарба тармактарындагы ири долбоорлорду каржылоого даяр. Бул тууралуу аталган мекеменин Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Навид Накви министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолуккан учурда айтканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын энергетика, таза суу, ирригация жана айыл чарба тармактарындагы ири долбоорлорду каржылоого даяр

2 / 2

Бул тууралуу аталган мекеменин Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Навид Накви министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолуккан учурда айтканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады

Тараптар Дүйнөлүк банктын 2024-2028-жылдарга өнөктөштүктүн жаңы алкактык программасы, Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы макулдашууну, энергетика тармагын өнүктүрүү жана Digital CASA долбоору тууралуу сүйлөшкөн.
Жапаров Дүйнөлүк банк Кыргызстанга өнүгүүнүн бардык негизги багыттары боюнча олуттуу колдоо көрсөткөн, жеткиликтүү жана ийкемдүү каржылоо, техникалык жана экспертизалык колдоо жагынан ишенимдүү өнөктөш экенин билдирди.
Экономика министри: эми Кыргызстанды тышкы карызын айтып эч ким коркута албайт