Онколог кандагы тромб өлүмгө кептеши мүмкүндүгүн эскертти

Адистин айтымында, кандагы тромбдорду өз учурунда текшертип туруу өмүрдү сакташы мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Хирург жана онкоуролог Марк Гадзиян өлүм тууралуу коңгуроо болушу мүмкүн делген оорунун симптомдору тууралуу айтты. Дарыгердин түшүндүрмөсүн "Известия" басылмасы жазды.
Гадзияндын айтымында, кандагы тромбдорду өз учурунда текшертип туруу өмүрдү сакташы мүмкүн.
Хирург COVID-19 илдетине кабылып айыккан адамдарда тромб пайда боло бериши мүмкүн экендигин, бул көрүнүшкө кол шилтеп койбош керектигин белгиледи. Мындай фактор өлүмгө да жеткириши мүмкүн. Андан тышкары, жаныңыз жай ала албай, тынчыңыз кетип жатса көңүлдөн тыш калтырбай дарыгерге кайрылуу зарыл.
Гадзиян ич катып, эртең менен тынымсыз жөтөлүү, баштын көп оорушу да аягы жаман бүтө турган көрүнүштү шартташы мүмкүн экенин эскертти.
Пресс-борбор
Көлдө жүрөк эмнеге токтоп калышы мүмкүн. Адистин түшүндүрмөсү