6-сентябрга карата аба ырайы

6-сентябрга караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Шаршембиде өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +21...+26, Талас аймагында +19...+24, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +26...+31, Ысык-Көл чөлкөмүндө жана Нарын жергесинде +20...+25 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында +24...+26, Ош калаасында +29...+31 градуска жетет.
Жаан-чачындуу болот. Келерки жумага карата Кыргызстан боюнча аба ырайы