Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Жаңы формат керек. Зеленский коргоо министрин алмаштырмакчы

Резников бул кызматты 2021-жылдын ноябрынан тарта аркалай баштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Украина президенти Владимир Зеленский коргоо министри Алексей Резниковду кызматтан алып, ордуна Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Рустем Умеров дайындала турганын Telegram-каналы аркылуу билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазган.
"Алексей Резников 550 күн толук кандуу согушту басып өттү. Министрлик аскерлер менен да, жалпы коомчулук менен да өз ара аракеттенүүнүн жаңы ыкмаларына, жаңы форматына муктаж. Азыр ведомствону Рустем Умеров жетектеши керек. Жогорку рада бул адамды жакшы билет, Умеров мырза менен тааныштыруунун кажети жок. Парламент колдоп берет деп ишенем", — деген Зеленский.
Жергиликтүү ЖМКлар августтун башында президент коргоо министри болчу киши издеп жатканын жазган. Ал эми депутаттардын айрымдары азыркы министр Улуу Британияга элчи болуп дайындалышы ыктымал экенин билдиришкен.
Резников бул кызматты 2021-жылдын ноябрынан тарта аркалай баштаган.
Рустем Умеров украиналык саясий ишмер, инвестор жана ишкер катары таанымал. АКШда билим алган, кесиби боюнча финансист. 2019-жылы Украина депутаты болуп шайланган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский АКШнын коопсуздук кепилдиги туурасында айтып берди