Сочиде Путин менен Эрдогандын жолугушуусу башталды. Видео

Путин Украина кризисине байланыштуу суроолор сүйлөшүү учурунда көтөрүлөрүн да белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Россия эгин келишими боюнча сүйлөшүүлөргө даяр. Бул туурасында РФ лидери Владимир Путин Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен Сочидеги сүйлөшүү учурунда айтканын РИА Новости жазды.
"Билем, эгин келишими туурасында маселе каралат. Бул боюнча сүйлөшүүлөргө биз ачыкпыз", — деди Путин Сочидеги жолугушуу учурунда. Буга чейин да РИА Новости сүйлөшүүлөрдүн башкы темасы эгин келишими болорун жазган.
Путин Украина кризисине байланыштуу суроолор сүйлөшүү учурунда көтөрүлөрүн да белгиледи.
"Аймактагы коопсуздукту камсыздоо жаатында да сүйлөшө турган маселелер бар. Албетте, Украина кризисине байланыштуу суроолорду айланып өтпөйбүз. Албетте, сиздер менен биз Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн көп нерсени жасадык. Бул Түркия үчүн абдан талылуу маселе экендигин жакшы билем. Башкысы, Астана форматынын алкагында жасалган нерселерди бекитишибиз керек", — деп кошумчалаган Путин.
Ал эки тараптуу алака, анын ичинде энергетика жаатындагы кызматташуу туурасында сөз козгоп, Россия менен Түркия негизги жеткирүүчү жана пайдалануучулар боюнча да бир келишимге токтолушканын белгиледи.
"Энергетика жаатында алдыга ишенимдүү бара жатабыз. Негизги жеткирүүчүлөр жана пайдалануучулар менен келишимге жетиштик. Дал ошондой болот деген ишенимдемин. Жакында ага күбө болобуз", — деди Россия лидери.
Эрдоган өз кезегинде эгин келишими боюнча темага токтолуп, дүйнө бул маселеге кулак түрүп турганын айткан.
"Дүйнө учурда эгин келишимине көз салып турат десек болот. Эмне болот? Кандай жыйынтык чыгат? Биздин сүйлөшүүлөрдөн кийин дүйнөгө зарыл болгон билдирүүнү жасайбыз. Өзгөчө, начар өнүккөн африкалык өлкөлөргө мындай нерсе абдан маанилүү", — деген Эрдоган.
Эрдоган: Түркия талоонго калган Россия менен алакасын сактап кала алды