Россия жакыр өлкөлөргө жөнөтүү үчүн Түркияга 1 млн. тонна эгин бермей болду

РФ лидери бул маселеде Катар мамлекети колдойт деп ишенет.
Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Россия жакыр өлкөлөргө жөнөтүү үчүн Түркияга 1 миллион тонна эгин берүүнү уюштуруу боюнча иш алып барат. Бул боюнча РФ лидери Владимир Путин Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуусунун жыйынтыгында билдирди.
Ал Россия аталган маселеде Катар мамлекети колдойт деп ишенип турганын айтты.

“Биз Россиядан Түркияда кайра иштетүү үчүн жеңилдетилген баада 1 миллион тонна эгин жеткирүүнү уюштурууну улантып, андан ары жакыр өлкөлөргө бекер ташып жеткирүүнү сунуштадык. Мында Катар өлкөсүнүн жардамына таянып турабыз, алар гуманитардык максатта жакыр мамлекеттерди колдоого даяр”, — деп Путиндин айтканын РИА Новости жазды.

РФ лидери муну менен катар эле Россиянын Түркия, Катар менен түзүлгөн келишимдери Кара деңиздеги эгин макулдашуусунун ордуна алмашкан иш катары каралбашы керектигин баса белгиледи.
“Ал жакта өзүнүн кызыкчылыгы бар Украина да турат. Муну биз эң сонун түшүнүп турабыз жана бул алмашуу эмес экендигин билебиз”, — деди Путин.
Ал ниет кылынган иштер аткарылып кетсе африкалык мамлекеттердин азык-түлүк боюнча көйгөйүн чечүүдө баа жеткис салым болорун белгиледи.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин менен Эрдогандын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгындагы маанилүү учурлар