Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин менен Эрдогандын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгындагы маанилүү учурлар

Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Россия жана Түркиянын лидерлери Владимир Путин менен Режеп Тайип Эрдогандын Сочидеги жолугушуусу соңуна чыкты. Анын жыйынтыгы менен президенттер маалымат жыйынын берип, билдирүү жасашты.
Батыш Россияны эгин келишиминин гуманитардык мүнөзү боюнча алдады. Москва ага тиешелүү келишимдер аткарылар замат келишимдерди кайра жандандырууга даяр болот;
Россия азырынча азык-түлүк жана жер семирткичтер боюнча экспортту өзү жасоо ниетинде, африкалык алты өлкө менен эгин жеткирүү жаатында жүргүзгөн сүйлөшүүлөрү аяктап калды;
Азык-түлүк үчүн ачылган коридорлор согуштук, аскердик максатта колдонулбашы керек, бирок алар “башка жактар тарабынан колдонулуп жатат”;
Россия Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча ортомчулук кызматтан эч качан баш тарткан эмес, бирок Киев келишимдин баарын таштандыга ыргытты.
Путин Украинанын контрчабуулу мүдүрүлмөк түгүл таптакыр эле ишке ашпай калганын, “мындан ары да ушундай болот деген ниеттемин” деген оюн билдирди.
Россия президенти Түркия — Россиянын эки тараптуу мамилелери бардык багытта өнүгүп жаткандыгын, бүгүнкү жолугушуу ийгиликтүү өткөнүн белгиледи.
Сочиде Путин менен Эрдогандын жолугушуусу башталды. Видео