Путин Эрдогандын Россия-Украина арасындагы ортомчулугу боюнча айтты. Видео

РФ жетекчиси Түркия лидеринин жаңжалдын отун өчүрүүгө бел байлап, эки жакты кепке келтирүүгө аракет кылганын баса белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга Украина киризисин жөнгө салуу боюнча ортомчу болууга жасаган аракетине ыраазылык билдиребиз. Бул туурасында РФ лидери Эрдоган экөөнүн Сочидеги жолугушуусунан кийин берген маалымат жыйыны учурунда айтты.
Алгач Россия лидери Украинанын сүйлөшүүлөр боюнча жоопкерчиликсиз мамилесине токтолду.

“Түркия президентинин ортомчулугу менен келишим түзүлүп, россиялык жана украиналык делегациялардын ортосунда документтердин долбоорлору макулдашылган, бирок кийин Украина аларды ... таштандыга ыргытып койду. Кандайдыр бир жаңы демилгелерди угуп калабыз. Бирок алар биз менен сүйлөшүлгөн, макулдашылган нерселер эмес. Андыктан жаңы эч кандай чечимдерди кабыл албайбыз”, — деди Путин.

Ал жаңжалдын отун өчүрүүгө бел байлап, эки жакты кепке келтирүүгө аракет кылган өнөктөшүнүн эмгегин баса белгиледи.
“Ортомчулардын кызматына келе турган болсок, биз бир да жолу баш тарткан эмеспиз. Биз Түркиянын президентине бул багыттагы аракетине ыраазылык билдиребиз.
Сочиде Путин менен Эрдогандын жолугушуусу башталды. Видео