Президент УТРКнын директоруна сөгүш жарыялады

Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Болотбек Тиллебаевге сөгүш жарыялады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Президенттин администрациясы Тиллебаев ага жүктөлгөн эмгек милдеттерин жетиштүү деңгээлде аткарбаганын билдирди.
Тиллебаев бул кызматта 2023-жылдын март айынан бери иштеп келет.
Президент Жапаров Ысык-Көлдүн башчысы Иманбетовго сөгүш жарыялады