УКМК: мамлекеттик чыккынчылык кылган запастагы аскер кызматкери 8 жылга кесилди

Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. УКМК запастагы аскер кызматкеринин мыйзамсыз иштерин аныктап бөгөт койгонун билдирди.
Маалыматта комитет Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгүндө ("Мамлекеттик чыккынчылык") каралган кылмыш жасады деп кыргызстандык С.Ф.К. аттуу запастагы аскер кызматкери кармалганы айтылат.
"Жогорку соттун өкүмү менен С.Ф.К. күнөөлүү деп табылып, сегиз жылга эркинен ажыратылды", — деп жазылат кабарда.
Айыпкер жазасын жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөйт. Атайын кызмат кылмыштын чоо-жайын ачыктаган эмес.
Адахан Мадумаров эки айга камакка алынды