Салык кызматы лотереянын 46 жеңүүчүсүн таппай жатат

Кийинки оюн жыл соңунда өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Салык кызматы "Чек талап кылып, байге утуп ал" лотереясынын 46 жеңүүчүсүн таппай жатат.
Лотерея ойнотулганына эки айдан ашты. Салык кызматы утушка ээ болгон 46 адамдын телефондору өчүк же туура эмес көрсөтүлгөнүн билдирди. Алар iPhone 14, смартфон жана ноутбук утушкан.
Тизме Салык кызматынын сайтына жарыяланды.
Декабрдын соңунда лотереянын экинчи этабы өтөт. Анда Бишкектен 10 батир, 11 электромобиль, чет өлкөгө 4 жолдомо, 100дөн ашык смартфон, 158 ноутбук жана башка байгелер ойнотулат.
Радио
Султаналиева: балдарды мекенчилдикке үйрөтсөк салык төлөө маданияты да өсөт