Кыргызстандын кондитердик азыктары көбүнесе ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолот

Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кыргызстанда ундан жасалган кондитердик азыктар көбүнесе ЕАЭБ мамлекеттерине — Россия менен Казакстанга экспорттолот.
Статкомдун маалыматы боюнча, 2023-жылдын биринчи жарымында чет жакка 14 миллион долларлык товар жөнөтүлгөн. Мында кеп торт, пирожное жана таттуу токоч тууралуу болууда.
Экспорттун 83 пайызы Казакстанга, 13 пайызы Россияга кеткен. Азыктардын эки пайызы Монголияга, 1,5 пайызы Өзбекстанга жана бир пайызга жетпеген көлөм Кытайга жөнөтүлгөн.
Кыргызстандын кесмесин ЕАЭБдин бардык мамлекеттери сатып алат. Сандар