Көлбаевдин тобунун мүчөлөрүн кармоо. Бирөө коё берилип, үчөө камакта калды

Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун К.А.Ж. (Кеня) аттуу активдүү мүчөсүнүн баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, эч жакка чыкпоо боюнча тил каттын негизинде коё берилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту билдирди.
Токтом 22-августта чыккан.
"УКМК тергөөчүсү бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча сунуш берген. К.А.Ж. аттуу жаран тил каттын негизинде коё берилип, И.А.Т., Т.К.И. жана Ш.А.А. 26-октябрга чейин камакта калды. Баары УКМКнын убактылуу кармоочу жайында болушат", — деди соттон.
Бирөөнүн унаасын, 17 миң долларын тартып алган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды