БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылындагы Козубаев көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн түндө өрт чыгып, жалын эртең менен өчүрүлгөнүн ӨКМ билдирди.
Маалыматта кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр саат 02.02де чыкканы айтылат. Кийинчерээк дагы төрт бригада тартылган.
Күбөлөрдүн айтымында, тилсиз жоодон бир нече турак үй күйүп кеткен.
ӨКМ өрт саат 02:59да чектөөгө алынып, 08:38де толук өчүрүлгөнүн билдирди. Анын кесепетинен жабыркагандар катталган эмес.