Радио

Быйыл I кварталда Россиядан 44 млн. 760 миң доллар инвестиция кирди

КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин Аналитикалык иштер бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Мырзахит Мырзаев Россия инвестициянын көбүн энергетика тармагына жумшап жатканын айтты.
Sputnik
Россия Кыргызстан үчүн маанилүү стратегиялык өнөктөш. Чет жактан келген инвестициянын көбү ушул мамлекеттен болуп жатат. Бул тууралуу Мырзахит Мырзаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан Кыргызстанга жылына 1 миллиард доллардан ашык киреше кирет.
"Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кириши менен өлкөнүн инвестициялык потенциалы өстү. Азыр Кыргызстанга салынган түз инвестициянын үчтөн бир бөлүгүнөн ашыгы ЕАЭБ мамлекеттерине туура келет. Улуттук статистика комитетинин соңку маалыматтары боюнча, I кварталда 49 мамлекеттен 170,9 миллион долларлык түз инвестиция жасалган. Алдыңкы үчтүккө Россия — 44 миллион 759,6 миң доллар, КЭР — 29 миллион 351,8 миң доллар жана Улуу Британия 17,8 миллион доллар инвестиция менен кирди. Тикелей чет өлкөлүк инвестициянын 78 пайыздан көбү тоо-кен өндүрүшүнө, чекене жана дүӊ соодага, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармактарына келет. Өкмөттүн койгон тапшырмасына ылайык, өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу аракеттери көрүлүүдө. Учурда Россия менен Энергетика министрлиги бир топ долбоорлорду пландап, макулдашуу стадиясынан өтүп жатат. Алардын жалпы көлөмү 100 миллион доллардан жогору бааланууда. 2022-жылдагы маалыматты карай турган болсок, түз инвестициянын көбү Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарына туура келет", — деди Мырзаев.
Ал ЕАЭБ мамлекеттеринен жалпы жонунан (Россия, Казакстан, Армения жана Беларусь) 58,4 миллион доллар инвестиция киргенин кошумчалады.