ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду

Банктарды кепилдик тизмесине киргизип же чыгарып коюу үчүн ыйгарым укуктуу органдардын ортосундагы маалымат алмашуу тартиби да каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Евразия экономикалык бирикмесинде мамлекеттик сатып алууларда банктык кепилдиктерди өз ара таануу боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы билдирди.
Келишимди өткөн жумада ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөт башчылары ЕЭК кеңешинин жыйынында кабыл алышты. Документ банктарга карата бирдей талаптарды аныктайт. Башкача айтканда, мамлекеттик сатып алуулар жүргүзүлүп жатканда бир банктын кепилдиги биримдикке мүчө мамлекеттердин баарында таанылат.
"ЕАЭБ мамлекеттериндеги потенциалдуу товар жеткирүүчү башка мамлекеттеги заказ берген тарапка "үйүндөгү" банкынын кепилдигин бере алат жана ал кабыл алынышы керек болот", — деп айтылат маалыматта.
Кепилдик берүүчү банктарга карата тийиштүү критерийлер дагы иштелип чыккан. Ошондой эле банктарды кепилдик тизмесине киргизип же чыгарып коюу үчүн ыйгарым укуктуу органдардын ортосундагы маалымат алмашуу тартиби да каралган.
Радио
Быйыл I кварталда Россиядан 44 млн. 760 миң доллар инвестиция кирди