Бишкекте майыптык категориясын алгандардын саны жылдан жылга өсүп жатат. Мунун себеби ички миграцияга да байланыштуу экенин Айнагүл Мамбетова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тышкы миграциянын да күч алышы менен өлкөгө жаңы оорулар келип жатат.
"Бишкекте майыптык категорияларын алгандардын саны жылдан жылга өсүп жатат. Мунун себеби ички миграцияга да байланыштуу. Анткени көбү айылдардан ири шаарларга келип, Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборунун бөлүмдөрүнө кайрылат. Кээ бир кардарлар борбордо ооруканада жатып дарылангандыктан, бул жактан кароого туура келет. Жалпылап алганда статистика өсүп жатат. Учурда Бишкекте майыптыкты аныктоо боюнча үч комиссия иштеп, көз оорулар, психиатриялык оорулар, туберкулёз боюнча атайын топтор иш алып барууда", — деди Мамбетова.
Ошондой эле адис майыптуулук боюнча ата-энелер арасындагы түшүндүрүү иштерине көбүрөөк маани берип, үй-бүлө институтуна көңүл бурулушу керектигин кошумчалады.