УКМК: Билим берүү борборунун мурдагы бухгалтери Казакстанга качууга аракет кылды

Эсепчи подрядчылардын акчасына ээ болуп алууга шектелип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Свердлов районунун Билим берүү борборунун мурдагы бухгалтери Казакстанга качууга аракет кылып жатканда кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, иш ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ысырап кылуу фактысы боюнча козголгон.
"Аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мамлекетке 8 миллион 637 миң сом зыян келтирилгени аныкталган. Мурдагы башкы бухгалтер Н. М. чакыруу түшөрү менен келип берүүгө милдеттендирилген. Бирок ал "Ак-Жол" көзөмөл өткөрүү бекети аркылуу өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылып жатканда кармалды. Н. М. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деди ведомство.
23 млн. долларлык зыян. Издөөдөгү кыргызстандык Мадагаскардан табылды