Бир жылмайып коюңуз! Дүйнөнүн ар тарабынан чогултулган сүрөттөр

Жай аяктап, күздүн келиши менен жашоонун ыргагы ылдамдай түшкөн сыяктуу. Буга кейип-кепчип турсаңыз, анда биздин сүрөт түрмөк сиз үчүн. Дүйнөнүн чар тарабынан жылмаюу тартуулаган ирмемдерди чогулттук.
Sputnik
1 / 10

Рим папасы Францисктин Ватикандагы Павел VIнын залына жалпы аудиенция үчүн келген маалы. Чет элдик ЖМКлардын жазганына караганда, Рим папасы Монголияга жол алат. Бул Рим понтифигинин тарыхта Чыгыш Азия мамлекетине жасаган алгачкы сапары.

2 / 10

Сазда суу алдында сүзүү боюнча дүйнө чемпионатынын катышуучусу. Мелдеш жыл сайын Улуу Британияда өтүп келет. Жарышта саздан 55 метрлик аралыкты сүзүп өтүү шарт.

3 / 10

Индонезиянын Жакарта шаарында өткөн баскетбол боюнча дүйнө чемпионатындагы Латвия командасынын күйөрмандары. Фанаттар креативдүүлүгүн көрсөтүштү.

4 / 10

Лондон зоопаркында таразага түшүп жаткан сурикат. Бул – айбанаттар тууралуу маалымат чогултуу үчүн зарыл болгон процесс.

5 / 10

Сүрөтчү Казань шаарынын күнү белгиленип жаткан кызык учурду тартып алган

6 / 10

Күндөн чара менен коргонгон киши. Быйыл бардык жердегидей эле Тайванда да аптаптуу ысык болду.

7 / 10

АКШнын Калифорния штатындагы Санта-Моника шаары. One Piece майрамынын күйөрмандары.

8 / 10

Швециянын Viagra Boys тобунун Rock en Seine музыкалык фестивалындагы концертин көрүп жаткандар. Франция

9 / 10

Барби-тренд уланууда. Улуу Британиядагы сазда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатына келе жаткан катышуучулар

10 / 10

Оркестрлердин тиреши учурундагы Түштүк Техас университетине таандык Ocean of Soul оркестринин тромбонисти. АКШ

Тема боюнча:
"Акыркы тамчы". iPhone менен тартылган мыкты делген сүрөттөр
Кудум Индиядагыдай... Бишкектеги ColorFest фестивалынан өзгөчө сүрөттөр