Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Абал жаңылыктарда айтылгандай эмес. Украина аскерлери НАТОго нааразы

Маалыматта украиналык аскерлердин барган сайын согушту улантуунун зарылчылыгы жок экенине көзү жете баштагандыгы айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Украина аскерлери согуш талаасындагы татаал шарт жана аскердик машыгуулардагы көйгөйлөрүн Kyiv Independent интернтет басылмасына айтып беришкенин РИА Новости жазды.
"Төмөнкү катардагыларынан баштап командирлерине чейин аскердик тажрыйбасы жетишсиз. НАТО офицерлери (Украинанын Куралуу күчтөрүнө көрсөтмө берип жатышкан – ред.) бул жакта болуп жаткан чыныгы абалды билишпейт, Батыштын котормочулары болсо аскердик "тилди" жетиштүү билбегендиктен буйрукту жана инструкторлордун жоопторун так айтып бере алышпайт", — дешкен алар.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн ар кайсы бригадаларындагы аскер кызматкерлери басылмага Харьков облусундагы орус армиясынын бай тажрыйбасын жана алар жакшы куралданганын айтып беришкен.
"Баары эле сиздер күн сайын брифингден угуп, жаңылыктардан окуп жаткандай эмес", — деген аскердик операциялардын чордонунда жүргөн сержант Владимир.
Автор көптөгөн жоготууларга учурап, чарчаган украиналык аскерлер согушуу маанисиз экенине акырындан көздөрү жете баштаганын белгилеген.
"Баатырларча эрдик жер төлөдөн чыга калып эле орустар тарапты максатсыз аткылоо, андан кийин колуңан же бутуңан айрылуу, же өлүүбү? Мунун эмне кереги бар?" — деген суроону койгон аскерлердин бири.
Украина 4-июнда Түштүк Донецк, Артемовск жана Запорожье багытында контрчабуулун баштаган. Киев режими согушка НАТО даярдаган күчтөр менен чет элдик техникаларды салган. Россия лидери Владимир Путин каршылаш тарап согушта майнаптуу эч нерсе кыла албаганын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Өлүмгө кептейсиңер". АКШда Киев куру кыялга алданып жатканы айтылды