Чамдаңыздар! ӨКМ жарыялаган ыр сынагынын мөөнөтү узартылды

Чыгармалар үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрына чейин кабыл алынат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги акын, композиторлорго жарыялаган ыр сынагынын мөөнөтү 15-сентябрга чейин узартылды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Сынактын шарттарына ылайык, ырлардын тексти мекенчилдик, сактоо, коргоо, куткаруу сезимдерине үндөгөн 3-4 куплеттен туруп, заманбап стилдеги музыка жазылышы керек.
Конкурстун жеңүүчүлөрүнө Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына карата акчалай сыйлык тапшырылат.
Композиторлор менен биргеликте иштелген чыгармалар 2023-жылдын 15-сентябрына чейин, саат 9:00дөн 17:00гө чейин кабыл алынат. Дареги: Бишкек шаары, Манас көчөсү 101/1.
Байланыш телефону: (0312) 32-38-12, 0552-88-69-66, 0701-72-15-47.
ЖКККББ инспекторлорду жумушка алуу талабын жеңилдетип, сынак жарыялады