Көөнө Сөз

Манасчы "көңкү" деген сөздү чечмелеп берди

"Манас" театрынын директорунун орун басары, манасчы Нурбек Талантбеков эпосто кездешкен көөнө сөздөрдүн бирин чечмелеп берди.
Sputnik
"Көңкү" деген көөнө сөздү жалпы, текши, баары дегенге синоним катары колдонууга болот. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, бул сөз учурда айрым адабий чыгармаларда гана кездешип калганын көрүүгө болот.
"Манаста кездешкен "көңкү" деген сөз бар. Анын мааниси баары, жалпы, текши дегенге синоним. Маселен, Сооронбай Жусуевдин "Манас керек бизге ыйык курандай,/Манас керек бизге өткүр куралдай./Көңкү кыргыз кете албайбыз эртеңге/Көңүлдөрдү Манас менен сугарбай" деген ыр саптарында дал ушул жамы кыргыз тууралуу кеп болуп жатканын аңдай алабыз", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал кийинки муундарга көөнө сөздөрдү түшүндүрүү зарылдыгын кошумчалады.