Казакстанда дароо беш министрлик түзүлдү

Казакстан президентинин жакында чыгарган жарлыгына ылайык, өкмөттүк түзүлүшкө өзгөртүүлөр киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Казакстанда жаңы беш министрлик түзүлгөнүн Sputnik Казакстан жазды.
Өлкө президенти Касым-Жоомарт Токаев "Казакстан Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын мындан ары жакшыртуу аракеттери жөнүндө" жарлык чыгарган. Ага ылайык, Суу ресурстары жана ирригация министрлиги, Транспорт министрлиги, Туризм жана спорт министрлиги, Маданият жана маалымат министрлиги, Өнөр жай жана курулуш министрлиги түзүлдү.
Суу ресурстары жана ирригация министрлиги — суу фондун пайдалануу жана коргоо, суу менен камсыз кылуу жана аны бөлүштүрүү тармактарындагы ыйгарым укуктуу орган болот.
Маданият жана маалымат министрлиги — маданият тармагындагы функция жана ыйгарым укуктарды аткарат. Мекеме тарыхый-маданий объектилерди коргоо, кинематография, мамлекеттик символдор, архивдик иштер жана иш кагаздары, электрондук документтештирүү жана электрондук архив, креативдүү индустрия жана чыгармачылык эмгектердин натыйжасын коммерциялаштыруу тармагында иш алып барат.
Транспорт министрлиги — темир жол, автоунаа, суу транспорттору, соода кемелери, аба мейкиндигин пайдалануу жана жарандык, эксперименталдык авиациянын ишмердүүлүгү тармагындагы ыйгарым укуктуу мекеме.
Өнөр жай жана курулуш министрлиги — индустрия жана индустриянын өнүгүшү, өнөр жай, тоо-кен тармагына жооп берет.
Казакстандын суу боюнча Кыргызстанга доосу жок. Расмий билдирүү