Кыргызстандын мектептеринде россиялык 120 мугалим иштей баштады

Окутуучулар "Россиялык мугалим чет өлкөдө" долбоорунун алкагында келишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. 1-сентябрдан баштап Кыргызстандагы 51 мектепте россиялык 120 мугалим иштеп баштады. Бул тууралуу Россиянын Агартуу министрлиги маалымдады.
Билдирмеге ылайык, мугалимдер өлкөдөгү билим берүү мекемелерине "Россиялык мугалим чет өлкөдө" долбоорунун алкагында келишкен.
Россиянын агартуу министринин орун басары Денис Грибов Кыргызстандын билим берүү министри Каныбек Иманалиев менен жолукту
Россиянын агартуу министринин орун басары Денис Грибов Кыргызстандын билим берүү министри Каныбек Иманалиев менен жолуккан. Анда ал мугалимдер "Акылдын күчү" программасынын алкагында балдарга математика жана физика сабактарын терең үйрөтүү максатында кошумча сабактарды өтүшөрүн айткан. Мындан тышкары, кыргызстандык окуучулар Иваново шаарындагы "Интердом" эл аралык мектебине барып билим алуусу улантыларын, бул үч айлык кыска мөөнөттүү программалардын негизинде ишке ашарын кошумчалаган. Грибов эки өлкөнүн агартуу тармагындагы кызматташтыгы мектеп менен эле чектелбестен орто кесиптик билим берүү жаатында да уланарын кошумчалаган.
Каныбек Иманалиев Россиянын Кыргызстандын билим берүү тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы чоң экендигин билдирген. Ал өлкөдө россиялык тогуз мектеп куруларын, алар Бишкек, Баткен жана Каракол шаарларында жайгашарын белгилеген.
Жапаров менен Путин Кыргызстандагы үч мектептин курулушуна старт берди. Видео