Беларуста ЖККУ өлкөлөрүнүн куткаруучуларынын машыгуусу өтүп жатат

Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Беларуста “Аска–2023” машыгуусу өтүп жатат. Ага ЖККУ мамлекеттеринин куткаруучулары катышууда. Бул тууралуу КР ӨКМи билдирди.
Кыргызстандын атынан машыгууга ӨКМдин куткаруучуларын даярдаган мамлекеттик борбордун кызматкерлери катышууда.
1 / 2

Кыргызстандын атынан машыгууга ӨКМдин куткаруучуларын даярдаган мамлекеттик борбордун кызматкерлери катышууда

2 / 2

Беларустун өзгөчө кырдаалдар министри Вадим Синявский билдиргендей, машыгуу учурунда өзөктүк объектидеги кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча аракеттер иштелип чыгат

Беларустун өзгөчө кырдаалдар министри Вадим Синявский билдиргендей, машыгуу учурунда өзөктүк объектидеги кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча аракеттер иштелип чыгат.
Куткаруучулар аткаруу бийлиги менен аскердик башкармалыктардын кызматташуусу боюнча дагы иштешет.
“Машыгууда өзгөчө кырдаалдарда эффективдүү иш жүргүзүп, чечимдерди кабыл алуу үйрөтүлөт”, — деди Синявский.
Иш-чаранын максаты — өзгөчө кырдаалдар учурунда макулдашылган аракеттерди жасоону жакшыртуу.
Беларуста ЖККУнун машыгуусу башталды. Сүрөт