Улуттук гвардияда аскердик мүлктү уурдоого шектелгендер кармалды

Кылмышка шектүүлөр аныкталды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын бөлүктөрүндө аскердик мүлктү уурдоо фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
"Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасы менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында уурулукка катышкан аскер кызматкерлери аныкталып, аларга карата кылмыш иши козголду", — деп айтылат маалыматта.
Учурда материалдар сот органдарына жөнөтүлдү.
Бишкекте бир жуманын ичинде төртүнчү мектеп директору пара менен кармалды