Садыр Жапаров өкмөткө ар бир айылдын жолуна асфальт төшөө тапшырмасын берди

Мындай тапшырма берилгенин Акылбек Жапаров Кара-Суудагы асфальт-бетон заводунун ачылышында айткан сөзүндө билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров өкмөткө "ар бир айылга асфальт барышы керек" деген тапшырманы бергенин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
1 / 3

Президент Садыр Жапаров өкмөткө "ар бир айылга асфальт барышы керек" деген тапшырманы бергенин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди

2 / 3

Өкмөт башчы кечээ, 1-сентябрда, Ош облусунун Кара-Суу районундагы асфальт-бетон жана таш майдалоочу заводдун ачылышына катышкан

3 / 3

Ал өз сөзүндө мындай өндүрүштөр мамлекетке керек экенин, алардын ачылышын колдой турганын белгилеген

Өкмөт башчы кечээ, 1-сентябрда, Ош облусунун Кара-Суу районундагы асфальт-бетон жана таш майдалоочу заводдун ачылышына катышкан. Ал өз сөзүндө мындай өндүрүштөр мамлекетке керек экенин, алардын ачылышын колдой турганын белгилеген.
"Заводдун алгачкы үзүрү — айылдын 5 чакырым жолуна асфальт төшөп бериптир. Бизге дал ушундай өндүрүш керек болчу. Садыр Нургожоевич бизге ар бир айылга асфальт барышы керек деген тапшырманы берди. Жолдордун асфальтталышы бир жагынан мамлекеттин өнүгүүсүн көрсөтсө, экинчи жагынан элдин машиналары бузулбай, экономикалык жактан чоң жардам болот", — деген Акылбек Жапаров.
Аталган завод толук кандуу жумушка киришсе 100гө жакын жумуш оруну, мамлекетке 100 миллион сомго жакын салык түшөрү айтылды.
"Дордойдун" жанына дагы бир базар куруу пландалууда