Бишкекте эл аралык куран жарышы өтүп, 16 өлкөнүн карылары катышты

Сынак Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына карата уюштурулган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Бишкекте үчүнчү жолу өткөрүлгөн эл аралык куран жарышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
Аталган сынак борбордук "Имам Сарахсий" мечитинде Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына карата уюштурулган.
1 / 7

Бишкекте үчүнчү жолу өткөрүлгөн эл аралык куран жарышы жыйынтыкталды.

2 / 7

Аталган сынак борбордук "Имам Сарахсий" мечитинде Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына карата уюштурулган.

3 / 7

Муфтий Замирбек кары Ракыев Кыргызстанда куран жарыш биринчи жолу өткөрүлгөндө 12, экинчисинде 16, ал эми быйыл 25 өлкөдөн карылар катышканын билдирди

4 / 7

Бишкекте үчүнчү жолу өткөрүлгөн эл аралык куран жарышы жыйынтыкталды.

5 / 7

Бишкекте үчүнчү жолу өткөрүлгөн эл аралык куран жарышы жыйынтыкталды.

6 / 7

Жалпы конкурсанттарга сертификаттар жана акчалай сыйлыктар тапшырылган.

7 / 7

Сыйлоо аземинин жүрүшүндө казакстандык куран сүйүүчүлөр Дастан Эркинбек уулуна умрага жолдомо тапшырган.

Муфтий Замирбек кары Ракыев Кыргызстанда куран жарыш биринчи жолу өткөрүлгөндө 12, экинчисинде 16, ал эми быйыл 25 өлкөдөн карылар катышканын билдирди. Ошондой эле ал куран маданиятын көтөрүүгө багытталган бардык аракеттер жасаларын кошумчалады.
Жеңүүчүлөр:
1-орун – Мухаммад Навийд (Пакистан);
2-орун – Мухаммадул-Амийн Маваалиди (Босния жана Герцеговина);
3-орун – Ахмад Акил бин Ахмад Шукри (Малайзия);
4-орун – Дастан Эркинбек уулу (Кыргызстан);
5-орун – Турфал Али Садиков (Чеченстан Республикасы, РФ).
Мындан сырткары, жалпы конкурсанттарга сертификаттар жана акчалай сыйлыктар тапшырылган. Сыйлоо аземинин жүрүшүндө казакстандык куран сүйүүчүлөр Дастан Эркинбек уулуна умрага жолдомо тапшырган.
Калыстар тобунун курамы да ар өлкөдөн келген дин аалымдарынан түзүлгөн.
Кыргызстандык окуучу шахмат боюнча дүйнө чемпионатында алтын утту