Бишкектин мэри "Ош" базары шаардын тышына көчүрүлөрүн айтты

Базарды көчүрүүгө ири соода комплекстеринин ээлери каршы эместиги айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров "Ош" базар шаардын тышына көчүрүлөрүн билдирди.
Анын айтымында, идеяны Садыр Жапаров колдоого алды.
"Кудай буюрса, бул долбоорду жазында ишке ашыра баштайбыз. "Ош" базарындагы ири соода комплекстеринин ээлери буга каршы эмес. Базарды көчүрүү экономикалык жактан пайдалуу. Негизи эле бардык өнөр жай базалары менен объектилерди шаардын тышына чыгарыш керек. Ошондо шаарыбыз жашыл, кооз болот. Садыр Жапаров бизди колдоп, туура жолдо баратканыбызды айтты", — деди мэр.
Эске салсак, буга чейин Батыш жана Чыгыш автобекеттери да шаардын тышына чыгарылары айтылган.
"Орто-Сай" базарын Бишкектин сыртына көчүрүү керек. Депутаттын сунушу