Бишкек мэриясы коомдук транспорттогу жол кире акысын көтөрүүнү сунуштоодо

Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясы коомдук транспорттогу жол кире акысын көтөрүүнү сунуштап жатат.
Муниципалитет азыркы тарифтер жаңы транспорт алуу мындай турсун убагында оңдоп-түзөөгө жол бербей жатканын айтты.
Мэрия 14-сентябрга чейин жол кирени көтөрүү боюнча документтин долбоорун жарыялайт. Шаар бийлиги мурда дагы ушундай сунуш берген. Бирок социалдык тармактагы нааразычылыктан улам долбоорду артка чакыртып алган.
Бишкекте жол кирени саатына төлөгөн системаны киргизүү каралууда