Бишкектин батыш тарабына эстакадалык көпүрө куруу пландалууда

Мэр инвесторлорго эки варианттагы сунуш берди.
Sputnik
Шпигельное названиеБишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кытайлык инвесторлорго борбор калаанын батыш тарабына пландалып жаткан жөө адамдар өткөн жер үстүндөгү көпүрөнүн долбоорун презентациялады. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууга мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиев, транспорт жана жол инфраструктурасы боюнча кеңешчиси Улан Уезбаев, Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев, анын орун басарлары Марат Жороев менен Назгүл Койбагарова, райондордун башкы архитекторлору, отель жетекчилери, мэриянын структуралык бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.
Абдыкадыров эки варианттагы сунушун берди: айланма түрүндө жер үстүндөгү өткөрмө же Фучик көчөсү менен Дэн Сяопин проспектисинин кесилишине эстакадалык көпүрө салуу.
Мындан тышкары, жыйын учурунда башкы архитектор Урмат Карыбаев "Бишкек сити" эл аралык борборунун эскиздери менен тааныштырды.
Бишкектин мэри "Ош" базары шаардын тышына көчүрүлөрүн айтты