3-сентябрга карата аба ырайы

3-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
Sputnik
Бишкек, 2-сен. Sputnik. Жекшембиде күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +23...+28, Таласта +21...+26, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26....+31, Ысык-Көлдө +21...+26 жана Нарында +22...+27 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +26...+28 жана Ош шаарында +29...+31 градусту көрсөтөт.
Көк бөрү чуусу: 39 адам кармалып, 5 адамга кылмыш иши козголду