Жети-Өгүзгө курула турган үч чакан ГЭСтин капсуласы салынды

Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Жети-Өгүз районунда (Ысык-Көл облусу) Чоң-Жаргылчак дарыясына курула турган кичи үч ГЭСтин капсуласы салынды. Бул туурасында өкмөткө караштуу Жашыл энергетика фондунан кабарлашты.
"Кубаттуулугу 6 МВт болгон Чоң-Жаргылчак, Кичи-Жаргылчак, төрт мегаваттуу Ак-Терек кичи ГЭСтери курулат", — деп айтылат маалыматта.
Жашыл энергетика фондунун директору Эмилбек Орозбаев энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы долбоорлорду өнүктүрүү министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүнүн приоритеттүү багыты экенин белгилеген.
Кыргызстандын аймагында чакан ГЭСтерди куруу иштери боюнча кадамдар улам активдеше баштады. Жакында эле Майлы-Сууга түшө турган чакан ГЭСти каржылоону Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду алып бара турганы айтылды.
Алайдын 80 пайызын электр энергия менен камсыздоочу ГЭСтин курулушу башталды